Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Бишкекте эки миңдей дарак электрондук каттоого алынды


Бишкек.
Бишкек.

Бишкек мэриясы шаардагы бак-дарактарды инвентаризациялоонун алкагында учурда эки миңдей бак-дарак электрондук каттоого алынганын билдирди.

Шаар башкармалыгынан билдиргендей, каттоо "Арча демилгеси" коомдук фонду, Бишкек жашылдандыруу чарбасы жана ыктыярчылардын көмөгү менен жасалып жатат. Инвентаризациялоодо медициналык карта ачылып, ага дарактын саны, отургузулган аймагы, түрү жана абалы жазылат.

Буга чейин Эмен багындагы бактар толугу электрондук каттоого алынган.

Бишкекте алгачкы жолу бак-дарактарды электрондук түрдө каттоо былтыр жайында башталган. Анын максаты - жашылдандыруу ишин жакшыртуу, бак-дарактарды калыбына келтирүү, кыйылгандардын ордуна көчөт отургузуу, байкоо салып туруу жана кам көрүү.

Буга чейин Бишкек шаарында бак-дарактарды кыюу маселесине байланыштуу нааразылык акциалары болуп келген.

Расмий маалыматка ылайык, баш калаада 2018-жылы 3000ге жакын бак-дарак кыйылган. Ошол кезде мэрия бак-дарактарды кыюу инфратүзүм үчүн аргасыз чара экенин, кыйылган бир дарактын ордуна жети көчөт отургузулганын маалымдаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG