Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Иерусалимдеги “Желектер жүрүшүндө” жапырт башаламандыктар катталды


Иерусалимдин күнүндөгү кагылыштардын бири. 29-май, 2022-жыл.
Иерусалимдин күнүндөгү кагылыштардын бири. 29-май, 2022-жыл.

29-май – Израилдин борбору Иерусалимдин күнүндө еврейлер менен арабдардын ортосунда кагылышуу катталды.

Салттуу жүрүш Шхем дарбазасынан башталып, Ый дубалына чейин созулду. Эски шаарга кире бериште оңчул еврей активисттери арабдарга каршы ураандарды чакыра башташкан. Полициянын аларды тынчтандыруусунан майнап чыккан эмес.

Еврей тектүү жарандар менен палестиндиктер бири-бирин газ баллондор менен аткылап, бөтөлкө жана отургучтар менен ургулашкан. Палестиналыктар Ал-Акса мечитинин жанына баррикада уюштуруп, ал жактан петарда жана таш менен аткылашкан.

Ый дубалынын алдында жүрүштүн катышуучулары менен полиция дагы кагылышты. Чогулгандар күч кызматкерлерине каршы таш ыргытышты. Жекшембинин кечинде ондогон адам кармалды.

Иерусалимдин күнү 1967-жылкы алты күндүк согуштан кийин шаардын чыгыш бөлүгү Израилдин көзөмөлүнө өткөнүнө байланыштуу 28-29-майда белгиленет. Бул күнү еврей тектүү жарандар өлкөнүн туусун кармап “Желектер жүрүшүн” жасайт. Каршы пикирдегилер жүрүштүн Эски мусулман кварталы аркылуу өткөнүн чагым катары баалашат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG