Кыргызстандын Жеңил өнөр жай ишканаларынын «Легпром» ассоциациясы кийим тигүү менен алектенген жергиликтүү компаниялар үчүн эл аралык адистер катышкан тренинг өткөрдү.
Бул тууралуу 31-майда “Азаттык” радиосуна Эл аралык ITC соода борбору Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырып жаткан Кездеме токуу жана тигүү өнөр жайы боюнча глобалдык программасы (GTEX) билдирди.
Жергиликтүү конструктор-тикмечилерге белгилүү модельерлер сабак өтүп, кийим бычуунун жаңы ыкмаларын, ишти жөнөкөйлөтүү аркылуу кирешени көбөйтүү жолдорун көрсөтүп беришти.
Иш-чарага WorldSkills Russia бирикмесинин эл аралык эксперти Ирина Танноус-Филичкина катышты. Өз сөзүндө ал кыргызстандык адистердин жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүн белгиледи.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда кездеме жана тигүү тармагы өнөр жай өндүрүшүнүн 7,1 % түзөт. Тигүү фабрикаларынын жана цехтеринин көбү Ош, Бишкек, Каракол, Талас шаарларында жайгашкан. (RK)
Facebook шеринеси