Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Нарында эндик өсүмдүгүн казгандарга каршы рейд жүрүүдө


Министрлик тараткан сүрөт. Эндиктин тамыры.
Министрлик тараткан сүрөт. Эндиктин тамыры.

Нарындын Ак-Талаа районунда эндик (арнебия) өсүмдүгүн казууга бөгөт коюу максатында рейд өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.

27-майда министрликтин инспекторлору Ак-Талаа районунун Сары-Ой жайлоосунда рейд жүргүзүп, Муса Баетов айылынын эки тургунун кармашкан. Алардын жанынан жалпы 35 килограмм эндиктин тамыры табылган. Үгүт айылынын тургунунан аталган өсүмдүктүн 5 кг тамыры табылган. Кармалган жарандарга жалпы 16 500 сом айып пул салынды. Учурда жаратылышка келтирилген зыяндын чыгымы эсептелип жатат.

Соңку жылдары Кыргызстандын айрым аймактарында Кызыл китепке кирген эндик өсүмдүгүнүн тамырын массалык казуу болуп жатканы айтылып келет. Анын тамыры кымбат баага сатылары кабарланат.

Интернеттеги маалыматка ылайык, эндик – көп жылдык өсүмдүк. Анын тамыры косметикалык каражаттарга колдонулат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG