Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

Бишкектин четиндеги конуштарда жерди мыйзамдаштыруу боюнча жобо бекитилди


Ак-Жар конушу. Архив сүрөт.
Ак-Жар конушу. Архив сүрөт.

Министрлер кабинети жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилгенин маалымдады. Документ айыл чарба багытындагы жер тилкелерине курулган турак жайларга менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды берүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында иштелип чыкты.

Анда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин жер тилкелерин трансформациялоо иштерин уюштуруу эрежелери жазылган.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 15-ноябрда Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жашоочулардын жер тилкелери мыйзамдаштырыла турганын маалымдаган. Кийин Ак-Ордо-3 конушундагы жашоочуларга 2022-жылдын 1-майына чейин 11 миңден ашык түтүнгө кызыл китеп берилерин, Кыргызстанда бир да мыйзамсыз үй болбошу керектигин айткан.

2021-жылы "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилип, жаңы конуштардагы мыйзамсыз салынган турак жайларга документ бериле турганы расмий жарыяланган. Бирок мыйзамдаштыруу ишинин жай жүрүп жатканына, ортодо шылуундардын пайда болгонуна нааразы болгондор арбын.

Конуштардагы канча жер мыйзамдаштырылганы жөнүндө акыркы расмий маалымат жок. Бишкектин чеке белинде элүүгө жакын жаңы калктуу конуш бар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG