Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Кыргызстанда дин кызматкерлерине бирдиктүү форма тигилди


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) тараткан сүрөт.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) тараткан сүрөт.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлерине 3800 даана бирдиктүү форма тигилди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Муфтий Замир Ракиев Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы дин кызматкерлерине бирдиктүү формаларын тапшырып жатып, дайыма кийип жүрүүгө чакырды.

“Дин кызматкерлери эл аралап жүрөбүз. Дайыма формабызды кийип, түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзөлү. Форма айылдык имамдарыбызга чейин тигилди. Эми бирдиктүү формага өтөлү”, - деди ал.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2,5 миңдей мечит, 100дөн ашуун медресе, 10 ислам институту бар. Имамдардын саны 2800дүн тегерегинде. Жалпысынан өлкөдө 3257 диний уюм каттоодон өткөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG