Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:17

Министр Алымкадыр Бейшеналиев кармалганы айтылууда


Алымкадыр Бейшеналиев
Алымкадыр Бейшеналиев

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалганы айтылууда. Активист Атай Бейшенбек Фейсбуктагы баракчасына министр Алымкадыр Бейшеналиевге окшош адамды атайын даярдыктагы чүмбөттөлгөн ыкчам кызматкерлер министрликтин имаратынан кармап, автоунаага салып жатканы тартылган видео таратты.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК), Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул иш боюнча маалымат бере элек.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Алымкадыр Бейшеналиевди өткөн айда Жети-Өгүз районундагы медайымдар күнүнө арналган майрамдык иш-чарага чогултулган акчадан улам эки жолу суракка алганы белгилүү болгон. Ал Германияда жүргөндө кеңешчиси Мээрим Тилекеева кармалган. Андан мурда Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо министрлигинин координатору, Каракол шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору кармалган.

Бейшеналиев Германияга иш-сапар менен кеткенден кийин орун басарлары жана бөлүм башчылары басма сөз жыйынын өткөрүп, жетекчини кызматтан алуу тууралууөлкө башчыларына кайрылган.

Алымкадыр Бейшеналиев Германиядан келгенден кийин аталган мекеменин Юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеевди, Коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованы жана Өндүрүштүк иш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ибраеваны иштен алган.

Министри Алымкадыр Бейшеналиев 1-июнда Ысык-Көлдө жайгашкан "Алтын Балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексинин ачылышына катышкан. 2-июнда президенттин басма сөз кызматы президент Садыр Жапаров министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Ысык-Көлдө талантуу балдар үчүн салынып жаткан мектеп менен таанышканы тууралуу маалымат тараткан.

Бейшеналиев 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Ошондон бери анын ишине, реформаларына байланыштуу талаш-талкуу токтобой келет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG