Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

БУУ өкүлү Кыргызстан 179 мектебин түрттүрүп салганы оң болорун айтты


Оливье де Шуттер.
Оливье де Шуттер.

Кыргызстанда мектептердин басымдуу бөлүгү оңдоп-түзөөнү талап кылары билим берүү тармагындагы негизги маселелердин бири. Мындай пикирин “Азаттыкка” курган маегинде 3-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун жакырчылыктын жеткен чегин изилдеген атайын баяндамачысы Оливье Де Шуттер билдирди.

Ал Кыргызстан акыркы жылдарда кирешеси аз башка өлкөлөргө салыштырганда бюджеттен билим берүүгө көп акча короткон мамлекеттердин катарында экенин, бирок акча маселени чечпей, окуучулардын билим деңгээли төмөн деп бааланып жатканын белгиледи:

“Билим берүүдөгү чоң проблема – мугалимдердин айлыгы аябай аз, мектептердин басымдуу бөлүгүнө оңдоп-түзөө талап кылынат. 179 мектепти таптакыр түрттүрүп салуу керек. Себеби алардын имараты жараксыз шартта. Мектепте даараткана жок, окуучулар кайда барат? Мектеп жетишсиз болгондуктан балдар бир нече нөөмөт менен окушат, класстарда коопсуздук, тазалык нормалары сакталган эмес. 2012-жылдан бери окуучулардын саны кескин көбөйүп, бирок мектептер начарлап, азайып баратат” деди Оливье Де Шуттер.

Жакында Чаткалда сабак учурунда мектептин шыбы урап түшкөн окуя өлкөдөгү эски мектептердин коопсуздугуна байланышкан маселени козгоду. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандагы 2162 мектептин 245и авариялык абалда. Бул ар бир тогузунчу мектепте окуу опурталдуу дегенди билдирет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG