Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Тажикстандык журналист Имомали милиция беш саат суракка алганын билдирди


Тажикстандык журналист жана блогер Далер Имомали.
Тажикстандык журналист жана блогер Далер Имомали.

Белгилүү тажикстандык журналист жана блогер Далер Имомали тартип коргоо органдарынын кызматкерлери аны кармап, беш саат суракка алышканын билдирди. Бул тууралуу 4-июнда YouTube каналына чыккан кайрылуусунда айтты. Маалыматка караганда окуя ошол күнү болгон.

Укук коргоо органдары блогердин кармалып, сурак бериши тууралуу расмий комментарий берген жок. Имомалинин өзүнүн айтымында, суракта негизинен үйлөрү "мыйзамсыз салынганы үчүн" түрттүрүлгөн Шохмансур районунун тургундары тууралуу репортажы боюнча кеп болгон.

Блогер кайсы бөлүмдө сурак бергенин тактаган эмес. Ал башында тартип коргоочулар сылык болушканын, андан кийин кол көтөргөнгө чейин барышканын айткан.

"Алардын бири "сен сабалганыңды кантип далилдейсиң" деп сурады. Мен далилдей албастыгымды айттым. Ошондо ал бир нече жолу мени урду",-деди.

Ал бийликтин талабы менен өз каналынан Шохмансур районундагы үйлөрдүн түрттүрүлүшү тууралуу эки видеону өчүргөн. Имомали карапайым тургундардын көйгөйлөрүн чагылдырып келгени менен белгилүү. Анын YouTube каналына 137 миң адам катталган. Видеолору миллиондон ашык жолу көрүлөт.

Ушуну менен соңку үч айда ал экинчи жолу сурак берди. Тажикстанда журналисттерди суракка көп чакырышат. Тажикстандык журналисттер муну басым катары баалап келет. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү ошондой эле кол салууларга көп кабылган учурлар бар. Бирок ал фактылар иликтенип, ачылбайт.

Укук коргоо уюмдары тажик бийлигин сөз эркиндигин чектегени үчүн сындап келишет. Бийлик мындай дооматтарды такай четке кагып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG