Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Орусияда иликтөөчү журналист Андрей Солдатовго издөө салынды


Орусиялык иликтөөчү журналист, Agentura.ru сайтынын башкы редактору Андрей Солдатов.
Орусиялык иликтөөчү журналист, Agentura.ru сайтынын башкы редактору Андрей Солдатов.

Орусиялык иликтөөчү журналист, орус атайын кызматтарынын ишмердүүлүгүн иликтөө менен алектенип келген Agentura.ru сайтынын башкы редактору Андрей Солдатовго издөө салынды. Бул тууралуу ал өзү 6-июнда Фейсбукка жазды.

Солдатов өзүнүн ысымын Ички иштер министрлиги издөөгө алгандардын реестринде тапканын жана анын Орусиядагы банк эсептери камакка алынганын билдирди.

Журналистке кандай айыптар тагылышы мүмкүн экени белгисиз. Анткени министрликтин тизмесинде ал "Кылмыш кодексинин беренесине ылайык" изделип жатканы гана көрсөтүлгөн.

«Текшерүү 17-мартта башталыптыр. Болжол менен аны Тергөө комитетинин башкы башкармалыгы иликтеп жаткандай. Иштин номуру журналисттер Михаил Наки менен Руслан Левиевдин ишинин номурларынан бир аз эле айырмаланат экен»,-деп жазган Солдатов.

Өткөн айда Москва соту Наки менен Левиевди «орус армиясы тууралуу жалган маалыматтарды тараткан» деген айып менен камоого ордер чыгарган.

Наки президент Владимир Путинди ачык сындап келгени менен белгилүү. Ал «Эхо Москва» радиосунун мурдагы журналисти. Леви куралдуу кагылыштарды иликтеген Conflict Intelligence Team порталынын негиздөөчүсү.

Ал эми Солдатов Орусия Украинага согуш ачканы ар кандай маалымат каражаттарына, анын ичинде «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна эксперт катары чыгып, Путиндин Украина боюнча чечимдерин комментарийлеп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG