Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Гендердик зомбулукка каршы акциянын жыйынтыгы чыгарылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аялдардын укугун коргоо менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар аймактарда гендердик зомбулукка каршы иш-чараларды өткөрүп бүтүп, жыйынтыгын бүгүн 7-июнда Бишкекте пресс-конференцияда айтып беришет.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасынын жардамы менен Ош, Чүй жана Нарын облустарында гендердик зомбулукту алдын алуу, ала качууну жана үй-бүлөлүк басмырлоону токтотуу боюнча тушүндүрүү иштери, тренингдер, жолугушуулар, аялдар кеңештеринин ролун талкуулаган жыйындар уюштурулду, мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу органдарына сунуштар үчүн маалыматтар чогултулду.

Социалдык изилдөөлөрдө айтылгандай, Кыргызстанда ар бир үчүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Соңку алты жылда эле жүздөн ашуун кыз-келин үй-бүлө зомбулугунан каза тапкан. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) 2021-жылкы иликтөөсүндө Кыргызстан аялдар үчүн эң кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG