Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

Акыйкатчы парламент комитетинде беш баяндама жасайт


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова бүгүн 7-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент комитетинде жылдык баяндама жасайт.

Өлкөнүн башкы укук коргоочусу “Азаттык” радиосуна билдиргендей, анда «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» 2019, 2020 жана 2021-жылдар үчүн баяндамасы угулат. Мындан тышкары, “Сот адилеттигин аткарууда баланын кызыкчылыктарын жакшы камсыз кылуу принцибин ишке ашыруу» жана “Жазык-аткаруу тутумунда өмүрүнүн аягына чейин эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын өтөлүшүнө мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы” деген эки атайын баяндама да болот.

Кыргызстанда акыйкатчы институту 2002-жылы иштей баштаган. Өлкөнүн башкы укук коргоочу жыл сайын парламентте баяндама жасайт.

Атыр Абдрахматова акыйкатчы болуп быйыл март айында дайындалган. (RK)

XS
SM
MD
LG