Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Министр: Тышкы миграцияда жүргөн аялдар эркектерден көп


Москва.
Москва.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 7-июнда Бишкекте өткөн "Миграция жана өнүктүрүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" форумунда билдирди.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2014-жылдан баштап тышкы жана ички миграцияга катышкан аялдардын саны эркектерден кыйла көбөйө баштаган. 2018-жылы ортодогу айырма дээрлик эки эсеге өскөн.

"2030-жылга карата эмгек рыногуна жылына 350 миңдей адам чыга турган болот", - деген министр жарандарды жумуш менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү. Бул багытта Экономика жана соода министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бирдиктүү системасын түзүүнү сунушталды.

Кыргызстанда миграция 3 миллион адамдын – эмгек мигранттарынын, алардын балдарынын жана үй-бүлөлөрүнүн тагдырына таасир этет. Форумда өлкөдө жок дегенде ар бир төртүнчү үй-бүлөдө бир эмгек мигранты бар экени айтылды.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандан чет өлкөгө жумуштап кеткен жарандардын саны 1 млн 200 миңдей деп айтылып келет. Алардын ичинен Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык бар. Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген 118 жеке агенттик бар. Алар жумушчуларды 20дай өлкөгө жөнөтөт. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG