Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:23

Июнь коогасында дайынсыз жоголгон 17 адам табыла элек


Июнь окуясында жоголгондордун айрымдарынын аты-жөнү. Ош шаары.
Июнь окуясында жоголгондордун айрымдарынын аты-жөнү. Ош шаары.

2010-жылдагы июнь коогасында дайынсыз жоголгон 57 кишинин 17си дагы эле табылган жок. Издөө иштери уланып жатканын 10-июнда Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.

Июнь окуясы деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган.

2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келген Садыр Жапаров башында турган бийлик бул иш боюнча тергөөнү кайрадан жандантты.

Жума күнү Ошто калабада курман болгондор эскерилген. (SE\ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG