Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:17

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 15-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33,

Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27,

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° болот. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG