Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:55

Чектөө алынганына байланыштуу "Достуктан" өткөндөрдүн саны көбөйдү


“Достук” чек ара өткөрүү бекети. Архив.
“Достук” чек ара өткөрүү бекети. Архив.

Өзбекстан коронавируска байланыштуу чектөөлөрдү алганына байланыштуу “Достук” чек ара бекетинен өткөн адамдардын саны кескин көбөйдү

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош аймактык башкармалыгы билдирди.

Өзбекстан 10-июнда коронавируска байланыштуу чектөөлөрдү алгандан кийин чек арадан бир күндө 17 миң адам өткөн.

Чектөө учурунда эки өлкөгө 10 миң адам ары-бери каттап турган. Буга байланыштуу Ош чек ара башкармалыгынын башчысынын орун басары Маратбек Исмаилов кошумча паспорттук-көзөмөл кабина керектигин, өткөрмө бекетте кишилердин тыгынынан пайдаланып, ар кандай чагымчылдык жасаоого аракет кылгандар болуп жатканын билдирди.

Учурда Кыргызстандын 11 паспорт-көзөмөл текшерүү кабинасы иштеп жатат. Бул кабиналар бир күндө 14 400 адамды текшерип өткөрүүгө ылайыктуу. Ушул тапта “Достук” өткөрмө бекетинин жаңы имараты курулууда. Ал иштегенде өткөрмө бекетте тыгын азаяры айтылды.

Коронавируска байланыштуу коңшу мамлекеттерге кирип чыгууда бир катар чектөөлөр кирген. Эки ай мурда Казакстан жүргүнчүлөргө байланыштуу чектөөлөрүн алган. Бирок Казакстанга өтүүдө жарандар ПЧР-тести жана COVID-19га каршы эмдөөнүн, ревакцинациялоонун толук курсунан өткөнүн тастыктаган документи/паспорту талап кылынат. (ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG