Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Украинадагы согушта каза тапкан кыргызстандык милициянын отставкадагы майору болгон


Аманбек Курбанбаевди жерге берүү. Аксы району.
Аманбек Курбанбаевди жерге берүү. Аксы району.

Украинадагы согушка орусиялык күчтөрдүн катарында катышып, каза болгон Аманбек Курбанбаев Кыргызстандын жараны жана милициянын отставкадагы майору болгон. Ал 23-майда Донбасста жарадар болуп, ооруканага түшкөн. 8-июнда алган жараатынан улам көз жумганын бир тууган агасы "Азаттыкка" айтты. Анын сөөгү мекенине жеткирилип, 13-июнда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айылында жерге берилди.

Бир туугандары Аманбек "АКШга иштегени барам" деп ушул жылдын март айында сыртка кеткенин айтышууда.

"Аманбек иштеп келем деп март айында кеткен. Көп өтпөй келишимдин негизинде Орусиянын атынан Украинага өз ыктыяры менен согушка кетип жатканын айтты. "Барба" десем көнбөй койду. "Кетип жатам" деп Вотсаптан сүрөтүн салыптыр. 23-майда иниме ок тийип, жарадар болгонун уктук. Донецкиде андан кийин Ростов-на-Дону шаарында, кийин Москва облусундагы аскердик госпиталга которулуп, жалпысынан 13 жолу операция болду. 5-июнга чейин жандандыруу бөлүмүндө жатып, 8-июнда каза тапты. Келишим түзгөн тараптарды таппай койдум. Сөөктү өз каражатыбызга алып келдик. Москвада иштеген мекендештер жардам беришти", - деди маркумдун бир тууган агасы Урматбек Курбанбаев.

Аманбек Курбанбаев 1972-жылы 1-августта Аксы районунун Авлетим айылында туулган. Маалыматка ылайык, ал Ички иштер министрлигинин Атайын ыкчам аракет отрядында (СОБР) кызмат өтөгөн. Маркум Баткен окуясынын катышуучусу, "Эрдик" медалынын ээси. Милициянын майору чинин алган.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо "Замандаш" партиясынын талапкерлеринин тизмесинде болгон.

Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) отставкадагы майордун Украинадагы согушта өлгөнү тууралуу маалымат бере элек.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга жана аскердик аракеттерге катышкан кыргыз жарандары беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети Украинадагы согушка катышкан деген негизде кыргызстандык жаранга кылмыш ишин козгогонун билдирген. Шектүү Украинада убактылуу иштеп жүргөн жигит болуп чыккан. Ал Орусия коңшусуна кол салгандан кийин Украинанын аймактык коргонуу күчтөрүнө кошулганы айтылган. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG