Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:29

Кубада нааразылык акциясына чыккандар 25 жылга чейин камалды


Кубадагы нааразылыктар. 11-июль, 2022-жыл.
Кубадагы нааразылыктар. 11-июль, 2022-жыл.

Кубада былтыр июлда нааразылык акцияларына чыккан 381 адамга сот өкүмү чыкты. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлагандай, алардын баары эркинен ажыратылды. Башаламандык чыгарууга тиешеси бар 36 адам беш жылдан 25 жылга чейин соттолду.

"Хосе Марти" радиосу Cuban Prisoners Defenders уюмуна таянып кабарлагандай, кеминде 37 жашы жете элек бала жоопкерчиликке тартылган, алардын кеминде 23ү соттолду.

2021-жылдын 11-июлунда Кубада жашоо деңгээлинин начарлап кетишине, азык-түлүктөрдүн жана биринчи муктаждыктагы товарлардын тартыштыгына, кымбатчылыкка жана коронавирус пандемиясы учурунда саламаттык сактоо системасынын жакшы иштебегенине нааразы болгондор көчөгө чыккан.

Акциялар жапырт күчөп, 100 миңдеген адам бийликти кетирүүгө аракет кылган. Эки аптага созулган акцияда бир нече имаратка кол салуу болуп, адамдар каза тапкан.

Активисттердин жана укук коргоочулардын маалыматына ылайык, акцияда 1400дөй адам кармалган. Миңден ашуун адам шектүү катары өтүп, 726 киши соттолгон.

Өлкөнүн Жогорку соту мартта 127 адамды алты жылдан 30 жылга чейин камаган. Анда Европа Биримдиги тургундар өз укугун коргоп акцияга чыкканын билдирип, Кубанын бийлигин “саясий жүйө менен кармалгандарды бошотууга” чакырган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG