Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:16

Украина орус күчтөрү басып алган миңден ашык айылды бошотту


Орусиянын күчтөрү талкалаган айылда кайрадан Украинанын туусу көтөрүлгөн учур. Мощун айылы, Киев облусу.
Орусиянын күчтөрү талкалаган айылда кайрадан Украинанын туусу көтөрүлгөн учур. Мощун айылы, Киев облусу.

Украинанын куралдуу күчтөрү согуштун 110-күнүндө орус күчтөрү басып алган миңден ашык украин шаарларын жана айылдарын бошотту. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский түнкү салттуу кайрылуусунда кабарлады.

Мурдараак ал Орусиянын аскерлери Украинанын 3 миң 620 айылына киргенин, алар украин жеринин 20% ашыгын ээлеп турганын айтты. Бошотулган айылдар Житомир, Киев, Чернигов, Сумы, Харьков, Херсон облустарында.

Жаңы кайрылуусунда президент Зеленский Батыш өлкөлөрү жөнөткөн куралдар толук келсе, алар орус күчтөрүн артка сүрүп чыгарын, ал тургай Крымды да бошоторун айтты.

“Бизде алдыга жылгандан башка арга жок. Бардык аймагыбызды бошотушубуз керек. Баскынчыларды биздин бардык облустарыбыздан кууп чыгышыбыз керек. Биздин фронтубуз 2,5 миң чакырымга созулганы менен стратегиялык үстөмдүк биз тарапта болуп жатат. Биз украин желеги түшүрүлгөн ар бир шаарга, ар бир айылга жетебиз. Барып, ар бир үйдө тууларыбызды көтөрөбүз”, - деди Владимир Зеленский.

Орусиянын күчтөрү украин жергесине 24-февралда басып кирген. Ушул убакка чейин орус аскерлери Украинанын Донецк менен Луганск облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, Херсон, Запорожье, Харьков облустарынын айрым аймактарын ээлеп алган. Катуу чабуул Донецк менен Луганск аймактарында, анын ичинде өзгөчө Северодонецк жана Лисичанск шаарында жүрүүдө. Москва Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап, өзүнө кошуп алган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG