Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Төрт лидер Украинаны Европа Биримдигине кошуу идеясын колдой турганын билдирди


Клаус Йоханнис, Марио Драги, Владимир Зеленский, Эммануэл Макрон жана Олаф Шольц. Киев. 16-июнь, 2022-жыл.
Клаус Йоханнис, Марио Драги, Владимир Зеленский, Эммануэл Макрон жана Олаф Шольц. Киев. 16-июнь, 2022-жыл.

16-июнда Киевге келген Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Италиянын Министрлер кабинетинин төрагасы Марио Драги Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолукту. Кездешүүгө Киевге өз алдынча келген Румыниянын президенти Клаус Йоханнис да катышты.

Жолугушуудан кийинки биргелешкен билдирүүдө европалык лидерлер Украинага Европа Биримдигине кирүүгө талапкер-өлкө макамын берүү идеясын кубаттай тургандыктарын айтышты.

"Биз төртөөбүз тең Евробиримдикке мүчөлүктү чукул арада берүүнү колдойбуз”,-деди Макрон анда. Ал ошондой эле Франция Украинага курал жеткирүүсүн күчөтө турганын кошумчалады.

Драки Италия Украинаны Евробиримдиктин бөлүгү катары көргүсү келерин айтты. Ал басма сөз жыйынында ошондой эле украин жергесинде болгон аскердик кылмыштарды иликтөөнү толук колдой турганын билдирди.

Германиянын канцлери Олаф Шольц Берлин Украинага зарыл болгон учурга чейин колдоо көрсөтөрүн кеп кылды. Ал ушул күнгө чейин Германия 800 миңдей украиналык качкынды кабыл алганын, мындан сырткары Украинага каржылык жана аскердик көмөк кылып жатканын сөз кылды.

Европалык лидерлер Киевге келатып, орусиялык аскер күчтөрү талкалаган Ирпень шаарында болуп, анын абалын көрүштү.

Франция, Германия жана Италия Европа Биримдигиндеги кубаттуу экономикага ээ өлкөлөр болуп саналат. Румыния да уюмга мүчө. (ErN)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG