Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:45

Европа лидерлери Орусия аскерлери бүлүндүргөн украин шаарында болду


Эммануэл Макрон, Олаф Шольц жана Марио Драги Ирпень шаарын көрүп жаткан учуру. 16-июнь, 2022-жыл.
Эммануэл Макрон, Олаф Шольц жана Марио Драги Ирпень шаарын көрүп жаткан учуру. 16-июнь, 2022-жыл.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Италиянын Министрлер кабинетинин төрагасы Марио Драги Киевге бараткан жолдогу Ирпень шаарында болду. Алар орусиялык аскер күчтөрү тарабынан бүлүнгөн шаардын абалын көрүштү.

Марттын соңунда орусиялык күчтөрү украин аскерлерининин катуу каршылыгынан кийин ушул шаардан артка чегинишкен эле. Алар кеткенден кийин шаардын көчөлөрүндө, үйлөрдө 300дөй жайкын тургундун сөөгү табылган. Мында жүздөгөн үйлөр жана башка имараттар талкаланган.

Макрон Ирпенде журналисттерге комментарий берип жатып, Орусиянын күчтөрүн аскердик кылмышка айыптады.

"Баарыбыз талкаланган бул шаардын сүрөттөрүн көргөнбүз. Бул бир эле учурда баатыр шаар. Анткени дал ушул жерде украиндер орус армиясын Киевге киргизбей токтотуп калышкан. Армиянын гана эмес, украин калкынын каармандыгын элестетип көрөлү", - деди француз президенти Эммануэл Макрон.

Шольц, Макрон жана Драги Евробиримдиктеги эң ири экономикага ээ үч өлкөнү башкарат. Аларга Румыниянын президенти Клаус Йоханнис да кошулуп, Киевге өзүнчө келди. Төрт лидер Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушат.

Украин бийликтери, анын ичинде президент Владимир Зеленский баш болуп буга чейин Франциянын жана Германиянын лидерлеринин Украина менен Орусиянын ортосундагы жаңжалына карата мамилесин сындап келишкен. Согуш башталганына үч жарым ай болгонуна карабай, алардын Киевге келип кетпегенин эл аралык коомчулук да сындап келаткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG