Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Алыкул Осмонов атындагы китепканада коворкинг борбору ачылды


Бишкек шаарындагы "Чыгыш 5" кичи районунда жайгашкан Алыкул Осмонов атындагы китепканада коворкинг борбору ачылды. Коворкинг жумасына 5 күн бою шаар тургундары үчүн акысыз жеткиликтүү.

Коворкинг – бул иш орунун же сүйлөшүү бөлмөсүн ижарага алууга мүмкүнчүлүк берген эркин кеңсе. Кадимки кеңселерден айырмаланып мында бири-бирине көз каранды болбогон ар кайсы компаниялардын өкүлдөрү жана ар кайсы кызматкерлер чогулуп иштей алат.

Мындан тышкары, бардык каалоочулар үчүн акысыз ЖРТга даярдоо, СММ, IT курстары өткөрүлүп турат. Демилге "Билим берүү демилгелер фондуна" таандык. Долбоордун авторлору бул жараян уланарын, шаардагы бардык китепканаларда коворкинг борборлору ачыларын билдирди.

"Негизги максат - начар шарттагы шаар китепканаларына жаңы түс берип, маданий борборлорго айлантуу", - деди демилгечилер.

Аталган китепкана 1959-жылы ачылган. 1990-жылы Алыкул Осмоновдун ысымы берилген. (NbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG