Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Поезддин жол киреси бир нече эсе кымбаттады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 17-июндан тартып Кыргызстанда өлкө ичинде поезд менен каттаган жүргүнчүлөр үчүн жол кире кымбаттады. "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалыматына караганда, Транспорт жана коммуникация министрлигинин жаңы тариф тууралуу буйругу 16-июнда чыкты.

Ага ылайык, Бишкектен Шопоков жана Кант шаарларына чейин чоңдор үчүн 20 сом, балдар үчүн алты сом, Бишкектен Кара-Балта жана Токмок шаарларына 56 жана 20 сом, ал эми Балыкчыга чейин 150 жана 73 сом деп аныкталды.

Акыркы жолу өлкө аймагында темир жолдун ички жол киреси 2010-жылы жогорулатылган.

Балыкчыга, мисалы, чоңдор үчүн билет баасы 69 сом болчу. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG