Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:16

Грузия Орусиядан качкан блогерди киргизбей жаткан себебин түшүндүрдү


Инса Ландер
Инса Ландер

Грузиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Орусиянын субъектиси – Кабардино-Балкария Республикасынан качкан блогер Инса Ландерди өлкөгө киргизбей жаткан себебин ага террорчулук боюнча иш козголгону менен түшүндүрдү. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтына жарыяланды.

“Эгер адам Грузиянын мыйзамдарынын шарттарына туура келбесе, анын ичинде өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратса же террорчулук, мыйзамсыз баңгизаттарды сатуу жана адам сатуу сыяктуу эл аралык кылмыштарга шектелсе, анын кирүүсүнө уруксат берилбеши мүмкүн”,-деп айтылат маалыматта.

Инса Ландер 12-июнда орус-грузин чек арасындагы Верхний Ларс өткөрмө бекети аркылуу Грузияга өтүүгө аракет кылган. Грузин чек арачылары аны беш-алты күндөн бери өлкөгө киргизбей жатышат. Натыйжада ал ошондон бери эки өлкөнүн чек арасындагы нейтралдуу аймакта аймакта түнөп, чек арадан өткөндөрдөн тамак-аш сурап, күн кечирип жатат.

Маалыматка ылайык, блогер Кабардино-Балкариядагы жогорку аткаминер башкарган кайрымдуулук фондунун коррупциялык иштерге байланышын иликтеп чыккан. Мындан кийин анын өзүнө "террордук уюмдарга үгүт жасаган" деп айып тагылып, кармалган. Сот былтыр жыл аягында блогерди үй камагына кесип, быйыл аны кайра узарткан.

Инса Ландер Орусияга кайтса, үй камагын бузганы үчүн абакка киргизилет жана негизги коюлган айып менен бир нече жылга соттолушу мүмкүн.

Литванын Грузиядагы элчиси Андрюс Калиндра билдирүү жасап, "эгер Грузия уруксат берсе Ландерди Вильнюска чыгарып кетүүгө даяр экенин" айткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG