Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

БУУ Кыйноолордун алдын алуу борборун Акыйкатчы институтуна бириктирүү сунушуна тынчсызданды


Бакыт Рысбеков. Эдил Байсалов. Коллаж сүрөт.
Бакыт Рысбеков. Эдил Байсалов. Коллаж сүрөт.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын Борбор Азия боюнча аймактык кеңсеси Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборун Акыйкатчы институту менен бириктирүү сунушуна тынчсыздануусун билдирет.

Аймактык кеңсе мындай чечим кыйноолордун алдын алууда мамлекеттин ишинин алсырашына алып келип, Кыргызстан кол койгон БУУнун Конвенциясын аткарууга терс таасирин тийгизерин белгилеген.

15-июнда Жогорку Кеңеште Кыйноолорду алдын алуу боюнча борбордун ишмердүүлүгү талкууланып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эки органды бириктирүү өкмөттүн позициясы экенин айтып, жакынкы учурда сунуш берилерин билдирген.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков Байсаловдун бул билдирүүсү өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун айтканына дал келбей турганын белгилейт.

Кыйноолорду алдын алуу борбору 2012-жылы түзүлгөн. Бюджеттен каржылануучу мекеменин ишине эл аралык уюмдар жардам берет. Борбордун жалпы жамааты 25 адам.

Жогорку Кеңеш акыйкатчы жана аталган борбор аркылуу Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышына парламенттик көзөмөлүн жүргүзөт. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG