Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Google корпорациясынын Орусиядагы туунду ишканасы банкроттук арызын берди


Google корпорациясынын Орусиядагы туунду компаниясынын Москвадагы кеңсеси. Архивдик сүрөт.
Google корпорациясынын Орусиядагы туунду компаниясынын Москвадагы кеңсеси. Архивдик сүрөт.

Google корпорациясынын Орусиядагы туунду компаниясы Москванын арбитраждык сотуна кайрылып, өзүнүн банкроттугу тууралуу жарыялады. Иштин материалдарын "Ведомости" басылмасы таап чыкты.

Жергиликтүү "Гугл" жоопкерчилиги чектелген коому өзүн банкрот деп жарыялаганы жатканы 18-майда белгилүү болгон. Арызды сотко эми берди.

Москва Украинага кол салгандан кийин март айында Google корпорациясынын Орусиядагы кеңсесинин банктык эсеби камакка алынган. Сот аткаруучулар эсептеги акчаны тартып алуу тууралуу чечим чыгарышкан, натыйжада мекеме маяналарды жана башка чыгымдарды төлөй албай калган. Ошондон соң компания кызматкерлерине сыртка көчүп кетүүнү сунуштаган.

Мурдараак The Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянуу менен америкалык Google корпорациясы Орусиядагы кеңсесинин кызматкерлерин чыгарып кеткенин, алардын көбү Дубайга жер которгонун жазган.

Орусияны канча кызматкер таштап чыгып кеткени макалада белгиленген эмес. Кызматкерлердин бир тобу өлкөнүн ичинде калып, корпорациядан иштен чыгып кетишкен.

Google жергиликтүү кеңсесин жапканы менен өзүнүн YouTube, карта сервистерин жана Gmail почтасын, издөө кызматын Орусияда жеткиликтүү бойдон калтырууну көздөп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG