Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Жалал-Абадда сел жүрдү


Жалал-Абадда 17-июндун түнүндө сел жүрдү.
Жалал-Абадда 17-июндун түнүндө сел жүрдү.

17-июнда түнкүсүн катуу жааган жаандан улам Жалал-Абад облусундагы Гуруч участкасындагы дамбанын жээги жарылып, Чаңгыр-Таш жана Калинин айылындагы 50дөн ашуун турак жайдын короо жайын суу каптады.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сел эки мектеп, бир ооруканага караштуу аймакты да каптаган. Сузак-Кара-Дарыя жолунун алтынчы чакырымына кум аралаш шагыл түшүп, жол убактылуу жабылган.

Сел каптаган айылдарга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери куткаруу иштери үчүн тартылды. Жолду бөгөп калган кумду тазалоого төрт автоунаа барып, түнкү саат 23:30да жол толук тазаланып, кайрадан ачылды.

2022-жылы апрель айынан бери катуу жааган жаандан улам өлкөнүн Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында сел кырсыктары келип чыкты. Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө жааган жаан карга айланып, жүздөгөн мал кырылды. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG