Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Путин Орусиянын экономикасы турукташып баратканын айтты


Владимир Путин Санкт-Петербургдагы Эл аралык экономикалык форумда. 17-июнь, 2022-жыл.
Владимир Путин Санкт-Петербургдагы Эл аралык экономикалык форумда. 17-июнь, 2022-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургдагы Эл аралык экономикалык форумда сөз сүйлөп, Батыш дүйнөлүк валюталарга ишенимди кетиргенин айтты. Ал Москвага каршы салынган санкцияларды “акылга сыйгыс жана ойлонулбаган” деп атап, Орусиянын экономикасы турукташып баратканын билдирди. Путин санкциялардан улам тескерисинче АКШ менен Европа чоң зыян тартып жатканын, ушул убакка чейин кеминде 400 млрд. доллардай жоготконун кеп кылды.

Путиндин пикирине караганда, АКШ менен Европа өлкөлөрүндөгү экономикалык төмөндөө Украинадагы согушка байланыштуу эмес, “мурдатан келаткан жоопкерчиликсиз макроэкономикалык саясат” менен байланыштуу. Ал Украинадагы “атайын операцияны” Батыш “өзүнүн көйгөйлөрүнө шылтоо катары” пайдаланып жатканын белгиледи.

Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы биринчи санкцияларын 2014-жылы Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин киргизген. 2016-жылы АКШдагы президенттик өнөктүккө орусиялык хакерлердин кийлигишүүсү, 2018-жылы Британияда Орусиянын экс-чалгынчысы Сергей Скрипалдын уулануусу да Москвага санкциялардын эки-үч пакетин алып келди.

Германиянын Бундестагына жасалган киберчабуулдарга байланыштуу 2020-жылы, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууланышына байланыштуу 2021-жылы жаңы санкциялар күчүнө кирген.

2022-жылкы санкциялар топтому орус аскерлеринин украин жергесине бастырып киргени үчүн каралды. Баштапкы санкцияларды көбүнчө Европа Биримдигиндеги мамлекеттер, АКШ, Британия, Австралия, Жаңы Зеландия, Канада салса, жаңы санкцияларга бул өлкөлөрдөн сырткары Жапония, Түштүк Корея жана башкалар кошулду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG