Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Британ премьер-министри Киевге кайра келди


Борис Жонсон менен Владимир Зеленский.
Борис Жонсон менен Владимир Зеленский.

Орусиянын Украинага кеңири масштабдагы кол салуусу башталгандан бери Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 17-июнда экинчи жолу Киевге келди. Бул сапары алдын ала айтылган эмес.

Жонсон анда украин президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, Украинага аскердик жана экономикалык колдоо көрсөтүү, Орусияга карата санкцияларды күчөтүү сыяктуу маселелерди талкуулады.

Британ премьер-министри Киевге биринчи жолу 9-апрелде келген. G7 – “Чоң жети” уюмуна кирген өлкөлөрдүн ичинен ал Украинадагы кыйроолорду көргөн алгачкы лидер болуп калды.

16-июнда Киевге Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц, Италиянын Министрлер кабинетинин төрагасы Марио Драги жана Румыниянын президенти Клаус Йоханнис келип кетти.

Орусиянын аскерлери Украинага 24-февралда басып кирген. Украиндердин катуу каршылыгынан улам Москва өзү каалаган максаттарга, анын ичинде Киевди алуу ниетине жетпей калган. 22-апрелде өздөрү “атайын операция” деп атаган аракетинин “экинчи фазасын” баштаганын жарыялаган. Анда Орусия көз карандысыз деп тааныган Украинанын Луганск жана Донецк облустарындагы жикчил “республикалардын” аймактарын бошотуу каралган. Мындан сырткары аннексияланган Крымга кургактыктан коридор ачуу жана Молдованын жикчил Приднестровье аймагына жол ачуу да максаттардын бири катары аталган.

Батыш чалгын кызматтарынын баасына караганда, Донбасс аймагында Орусиянын аракеттери ийгиликсиз болуп жатат жана орус күчтөрү өтө чоң жоготууларга учурады. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG