Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

БУУнун туруктуу координатору Озонния Ожиелонун миссиясы аяктады


Озонния Ожиоло.
Озонния Ожиоло.

Кыргызстанда 2017-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу координатору болуп иштеген Озонния Ожиелонун өлкөдөгү миссиясы аяктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

17-июнда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ожиело менен жолугуп, ага БУУ мекемелери менен Кыргызстандын бийлик органдарынын ортосундагы кызматташуу механизмдерин жөнгө салганы жана пандемия маалында өлкөгө берген жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонния Ожиело 2014-2017-жылдары Африкада тынчтыкты орнотуу жана башкаруу боюнча БУУнун аймактык директору болуп иштеген.

Ал БУУнун тутумунда 2002-жылдан бери эмгектенип келет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG