Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Бишкекте йога күнү белгиленет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-июнда кечки саат алтыда Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрынын алдында эл аралык йога күнү белгиленет.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Сегизинчи жолу өтүп жаткан иш-чараны Индиянын Кыргызстандагы элчилиги менен калаа башчылыгы бирге уюштурган.

Йога күнүнүн алкагында Курманжан Датканын эстелигинин алдында йога сабактары уюштурулат.

Йога - дене менен рухтун биримдигин камтыган байыркы индиялык салт. Дене менен жан дүйнө сергектигинин этикалык маданияты болуп саналат.
2014-жылы БУУ эл аралык йога күнүн белгилөө боюнча резолюция кабыл алган.

Резолюцияны 177 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан да колдоп, йога күнү белгиленип келет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG