Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:03

Тергөө абагында каза болгон Асанбаев боюнча Аскер прокуратурасы текшерүү баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-июндун түнүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында өз жанын кыйды делген "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн Аскер прокуратурасы текшере баштады.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя электрондук маалымат каттоонун бирдиктүү реестрине киргизилди.

Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тергөө-изоляторундагы видео-байкоо жазууларды алып, кызматкерлер суралууда. Маркумдун соттук-медициналык экспертизасы дайындалды.

"Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча окуянын жагдайлары толук жана объективдүү текшерилип юридикалык баа берилет", - деп кабарлады Башкы прокуратура.

18-июнда түнкү саат бирге жакын УКМК убактылуу тергөө абагында апрель айынан бери камакта жаткан Бакыт Асанбаев каза болду. Абак кызматкерлери аны асынып турган абалда тапкан.

УКМКнын маалыматында, Бакыт Асанбаев жемкорлукка шек саналып, 30-апрелде камакка алынган.

Буга чейин Атайын кызматтын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, 10-июнда өзүнө келбей каза болгон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG