Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:55

Аба ырайы: Өткүн өтүп, күн күркүрөйт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 19-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 29…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG