Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Журналисттер Орусиянын 3 миңден ашуун аскери тууралуу маалымат чогултту


Украинада каза болгон буратиялык аскердин тажиясы.
Украинада каза болгон буратиялык аскердин тажиясы.

“Медиазона” басылмасы, Би-Би-Синин кабарчылары жана ыктыярчылар менен бирге Украинага Орусия басып киргенден бери каза болгон 3 798 орусиялык аскер тууралуу маалымат чогултту.

Журналисттер ачык булактардагы маалыматтарга, Орусиянын басма сөз каражаттарына таянуу менен көз жумгандардын санын тактоого аракет кылган. Бирок чыныгы жоготуулар мындан бир нече эсе көп болушу айтылууда.

Көбүнчө жөө аскер полктору, аткычтар, танкисттер набыт болуп, 652 офицер окко учкан. 72 аскердин полковниктен өйдө чинди алып жүргөн.

Каза болгондордун көбү Чеченстандын, Краснодардын жана Хабаровск аймагынын тургундары болгон.

24-февралда Орусия Украинага басып кирип, согуштук операция башталган. Орусиянын Коргоо министрлиги курмандыктар тууралуу март айында 1351 киши өлгөнүн, 3825 адам жараат алганын маалымдаган.

Орус армиясында кызмат өтөгөндөрдөн тышкары Росгвардия, өздөрүн “ДНР” жана “ЛНР” деп атап алган отряддардын аскерлери, жалданма жоокерлер да согушка катышып жатканы билинди. Орусиянын бийлиги согушка салган аскерлердин так санын айткан эмес.

Британиянын аскердик чалгын кызматынын маалыматына караганда, Орусия Украинада 15 миңдей аскеринен айрылды. Ал эми Украинанын Башкы штабы каза болгон орусиялык аскерлердин саны 30 миңден ашканын маалымдап жатат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG