Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:18

“Кыргыз темир жолу” эксперименталдык вагон жасады


Жаңыланган вагон.
Жаңыланган вагон.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы өлкө ичиндеги каттамдар үчүн жаңыланган эксперименталдык вагон жасады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Жарактан чыккан вагонду жаңылап, ички жасалгасын заманбап талаптарга ылайык кайрадан жасап чыгышкан. Коопсуздук талаптарына да көңүл бурулган. Вагондун шыбына терезелер коюлуп, муздаткыч, таза суу, кол жууган чорго тагылган. Абаны муздатып турган система киргизилген.

Жаңылоо иштерин “Кыргыз темир жолу” өз каражатына аткарганы кабарланды. Бирок жалпы канча каражат жумшалганы белгиленген эмес. Азырынча бул вагон кандай максатта колдонулары айтыла элек.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери жаңы темир жол вагонун сатып алган эмес. “Кыргыз темир жолу” мекемесинде бир нече ирет коррупциялык схемаларга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

17-июнда “Кыргыз темир жолу” мекемесинин ички каттамдарында жол кире кымбаттаганы маалым болгон. Азыркы тапта Бишкектен Шопоков жана Кант шаарларына чейин чоңдор үчүн 20 сом, балдар үчүн алты сом, Бишкектен Кара-Балта жана Токмок шаарларына 56 жана 20 сом, ал эми Балыкчыга чейин 150 жана 73 сом деп аныкталды. Мекеме ички жана тышкы бир нече каттамдарды ишке ашырууда. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG