Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

"Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары УКМКнын тергөө абагында асынган абалда табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-июнда түнкү саат бирге жакын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында апрель айынан бери камакта жаткан "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев каза болду. Абак кызматкерлери аны асынып турган абалда тапкан.

Бул тууралуу "Азаттыкка" УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

"2022-жылы 18-июнда түнкү саат 00:55 чамасында Бакыт Асанбаев камерасында асынып алган абалда табылган. Ага жабык жайдын кызматкерлери жана камералаштары биринчи медициналык жардам көрсөтүп, "Тез жардам" кызматы чакырылган. Бакыт Асанбаев жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатканда өзүнө кол салган", - деп жазылган УКМК тараткан билдирүүдө.

УКМКнын маалымдашынча, Бакыт Асанбаев коррупцияга шек саналып 30-апрелде камакка алынган. Ага "насыя берүүдө коммерциялык тараптардын кызыкчылыгын көздөгөн туруктуу коррупциялык схема түзгөн" деген айып коюлуп, тергөө жүрүп жаткан.

Буга чейин Атайын кызматтын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, 10-июнда өзүнө келбей каза болгон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG