Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Адвокат: Бакыт Асанбаевдин иши сотко өтө элек болчу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында асынып турган жеринен табылган "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин соту жакынкы күндөргө белгиленген эмес.

Бул тууралуу "Азаттыкка" маркумдун жактоочусу Нур Кылчыкбаева билдирди. "Иш сотко өтө элек болчу. Ушундан улам эч кандай комментарий бере албайм", - деди адвокат.

Буга чейин айрым укук коргоочулар, маркумдун жакындары "Аманбаевдин абактан чыгарына эки күн калганда ажал табышы суроо жаратып жатканын" айтып чыгышкан.

18-июнда түнкү саат бирге жакын Бакыт Асанбаевдин сөөгү УКМКнын убактылуу тергөө абагында асынып турган жеринен табылган.

Атайын кызматтын маалымдашынча банкир Асанбаев коррупцияга шек саналып 30-апрелде камакка алынган.

Асанбаевдин өлүмүн Аскер прокуратурасы иликтей баштаганы маалым болду.

Буга чейин Атайын кызматтын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, 10-июнда өзүнө келбей көз жумган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG