Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Кабулда cикх храмына чабуулдан эки киши каза тапты


Кабулдагы диний азчылыктардын сыйынуу жайы.
Кабулдагы диний азчылыктардын сыйынуу жайы.

Бүгүн, 18-июнда Ооганстандын борбору Кабулдагы cикх храмына чабуул жасалып, эки киши каза болду.

Теракттан бир нече адам жараат алганын сикх жамаатынын лидери Гурнам Синх "Азаттыктын" ооган кызматына кабарлады.

"Кол салуу болгон маалда отуздай киши храмдын ичинде отурган, алардын баары тирүүбү же жокпу, билбейбиз", - деди Синх.

"Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) ички иштер министри Абдул Нафи Такур храмга жардыргыч зат толтурулган машине чабуул койгонун билдирди. Окуя болгон жерде тазалоо иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Хорасан провинциясында "Ислам мамлекети" уюшкан террор тобунун мечиттерге жана диний азчылыктын сыйынуу жайына кол салуулары акыркы мезгилде арбыды.

Калкынын басымдуу бөлүгү ислам динин тутунган Ооганстанда сикхтер аз сандагы диний топту түзүп, болгону 300дөй эле мүчөсү бар. Алардын көпчүлүгү талибдер бийликти басып алгандан кийин Ооганстандан качууга аргасыз болгон.

2020-жылы да сикх жамааты бутага алынган. Анда Кабулдагы храмына "Ислам мамлекети" террордук тобу кол салып, 25 адам набыт болгон

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG