Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:29

Меркел Украина менен Орусияга ортомчу болууга даяр экенин билдирди


Ангела Меркел.
Ангела Меркел.

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркел Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтык келишимине ортомчу болууга даяр экенин билдирди. RND басылмасына курган маегинде, саясатчы келечекте ушундай ролду аткарышы мүмкүн экенин айтып, бирок азырынча бул тема талкууланбаганын белгилеген.

Меркел 2021-жылдын декабрында канцлер кызматынан кетер алдында согушту болтурбоо аракетин көргөнүн, бирок ийгиликке жетпегенин белгиледи. Анын айтымында, Путин мындан ары “Норманд форматындагы” (Украинанын чыгышындагы жаңжалды басууну көздөгөн, Берлин, Париж, Москва жана Киевдин башын бириктирген "Норманд төрттүгү" форматындагы сүйлөшүүлөр 2014-жылы башталган) саммиттерге даяр эмес эле. Ошондой эле Меркел “Орусия жана Европа үчүн кошумча талкуу форматын түзө албаганын” айткан.

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркел кызматтан кеткенден кийинки ARD каналындагы интервьюсунда Украинадагы кырдаалды жайгаруу боюнча Германия менен Франциянын аракеттеринен майнап чыкпаганына өкүнөрүн, бирок бул үчүн өзүн күнөөлөбөй турганын айткан.

"Дипломатия ишке ашпай калса, ал туура эмес жүргүзүлгөн дегенди билдирбейт. Ошондуктан мен эмнеге аны туура эмес деп айтышым керек экенин түшүнбөйм. Бул үчүн кечирим сурабайм",-деген Меркел.

Ангела Меркелдин мураскору, учурдагы канцлер Олаф Шольц Орусиянын баскынчылыгын кескин айыптап, Украинага курал берүүнү колдогон. Апрель айында Германия Украинага оор техника берүүгө даяр экенин билдирген. Июнь айынын ортосуна чейин курал жеткирүүлөр баштала элек, ал үчүн Шольц сынга кабылууда.

Ал DPA басылмасына 17-июндагы маегинде куралдар Украинага убагында жеткириле турганын, оболу украин аскерлери тийиштүү даярдыктан өтүшү зарылдыгын айткан. Канцлер кечигүүнү Германиянын согушка чейинки жүк жеткирүү боюнча милдеттенмелерин аткарышы керек болгондугу менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG