Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

АКШ Украинага дагы төрт HIMARS ракеталык системасын берет


Пентагон Украинага дагы кошумча төрт HIMARS жогорку мобилдүү артиллериялык ракета системасын берүүнү караштырууда. Буга чейин Вашингтон аскердик жардам пакетининин алкагында Киевге төрт HIMARS берүүгө макул болгон. Бул тууралуу Politico басылмасы АКШнын Коргоо министрлигиндеги анонимдүү булактарына таянып билдирди. Кошумча ракета системаларын берүү чечимин эми Ак үй бекитиши керек.

Politico басылмасы Британия жана Германия дагы Украинага M270 жапырт аткылоочу ракеталык системаларды берүүнү убада кылганын жазды. Украина сураган бул HIMARS жана M270 системалары 80 чакырымга чейинки бутаны жок кыла алат. Анын 300 чакырымга чейинки бутаныатууга мүмкүнчүлүгү бар. Украин бийлиги бул куралды Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонбой турганын убада берген.

Расмий Киев фронтто Орусия менен тең салмактуулукка жетүү үчүн бир нече оор техника керектигин айтып, анын ичинде 300 реактивдүү системаны атаган. Бул тууралуу украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк билдирген. Азыр украин аскерлери HIMARS системаларын колдонуу боюнча машыгуулардан өтүүдө. Мындан тышкары Батыштын заманбап куралдарын оңдоо жана тейлөө системасын уюштуруу зарыл болууда.

Орусиянын аскерлери Украинанын аймагына 24-февралда басып кирген. Төрт айга таяп бараткан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. Дээрлик 7 миллиондой адам Украинаны таштап чыгып кетти.

XS
SM
MD
LG