Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Казакпаевдин жана Асанбаевдин өлүмүнө байланыштуу комиссия түзүлдү


Марат Казакпаев (солдо) жана Айыл Банк" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев (оңдо).
Марат Казакпаев (солдо) жана Айыл Банк" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев (оңдо).

Президент Садыр Жапаров саясат таануучу Марат Казакпаевдин жана "Айыл Банк" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн изилдөө үчүн комиссия түздү.

Президенттик администрациянын билдиришинче, комиссия эки окуяны ар тараптуу изилдемекчи.

"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү, "Айыл Банк" ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын убактылуу тергөө абагында өзүнө кол салуу фактыларын бейтарап жана объективдүү изилдөө үчүн жумушчу комиссия түзүлдү", - деп жазылган маалыматта.

56 жаштагы саясат таануучу, профессор Марат Казакпаев 9-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) абагынан ооруканага оор абалда которулган. Эсине келбей жатып 10-июнда көз жумган. Ал былтыр апрелде "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган.

"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын мурдагы орун басары, 44 жаштагы Бакыт Асанбаев 18-июнда түнкү саат бирге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылган. УКМКнын маалыматында ал коррупцияга шек саналып 30-апрелде камакка алынган.

Буга чейин Акыйкатчы институтунун алдында Марат Казакпаевдин өлүмүн иликтөө боюнча коомдук комиссия түзүлгөн. (ST)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG