18-июнда Оштон Делиге учкан Aero Nomad компаниясынын самолету Ош эл аралык аба майданына авариялык абалда конду. Бул маалыматты Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев "Азаттык" радиосуна ырастады. Маалыматка караганда, учак асманга көтөрүлүп, бир сааттай убакытта 17 жолу тегеренгенден кийин кайра конууга мажбур болгон. Авариялык конууга техникалык жагдайлар себеп болгону белгиленип, бирок эмне болгону ачык айтылган жок.
Aero Nomad компаниясы менен байланышуу мүмкүн болгон жок.
Милициянын маалыматында, учакта 200 жүргүнчү болгон. Жабыргандар болгон эмес. Техникалык мүчүлүштүктөр жөнгө салынган соң, учак кайра учуп, Делиге барып конду деп айтылат маалыматта. (КЕ)