"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 20-июнда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз дээрлик баардык облустарда жаан жаайт. Бийик тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 27...32,
Талас облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28,
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 15...20, күндүз 27...32,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,
Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...+5, күндүз 5...10°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 17...19, күндүз 29...31° ысык болот.