Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

Кызыл-Кыя шаарында сел жүрүп, үйлөрдү каптады


Кызыл-Кыя шаары. 18-июнь, 2022.
Кызыл-Кыя шаары. 18-июнь, 2022.

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында 18-июндун кечинде нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, бир катар турак үйдүн жана мекемелердин короосун каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, сел 24 турак үйдүн короосуна, 17 турак үйдүн ичине жана жертөлөсүнө, социалдык объектилердин короолоруна киргени айтылат. Бүгүн, 19-июнда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кызыл-Кыяга барып, шаардын тургундары менен жолукту.

Учурда ӨКМ кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Селден улам шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

2022-жылы апрель айынан бери катуу жааган жаандан улам өлкөнүн Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында сел кырсыктары келип чыкты. Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө жааган жаан карга айланып, жүздөгөн мал кырылды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG