Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:36

Улуттук банк 51,4 миллион доллар сатып алды


Доллардын курсу түшүп жаткан маалда Улуттук банк 17-июнда валюта рыногунан 51,4 миллион доллар сатып алды. Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы 2022-жылдын башынан тартып 11 интервенция жасады. Анын беш учурунда чет элдик валютаны сатып алган.

Улуттук банк 20-майга карата бир доллардын баасын 79 сом 50 тыйын деп бекитти. Коммерциялык банктар менен жеке менчик акча алмаштыруучу жайларда бир АКШ доллары 80-82 сом болууда.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар 24-февралда Орусия Украинага согуш ачкандан кийин кымбаттай баштаган. Март айында бир доллар 106 сомго чейин жетип кайра арзандап жатат. Акыркы жолу 2020-жылы октябрда доллардын курсу 80 сомдон төмөн болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG