Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Жерүй алтын кенине 600 миллион доллар инвестиция салынды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ушул жылдын башында Жерүй алтын кенине барган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ушул жылдын башында Жерүй алтын кенине барган.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин соңку көчмө жыйыны Таластагы Жерүй алтын кенинде өттү. Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, анда депутаттар алтын иргеген фабриканын иши менен таанышты. Экологиялык жана салык мыйзамдарын сакталышына, өндүрүштүк коопсуздукту жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине көңүл бурулду.

"Кадр саясаты тууралуу да сөз болуп, жумушчулардын маянасын жакшыртуу маселеси көтөрүлдү. Ошондой эле жергиликтүү калк менен тил табышуу зарылдыгы белгиленди. Жерүй долбооруна салынган инвестициянын жалпы көлөмү (анын ичинде ачык жана жер астындагы тоо-кен иштерин, кайра иштетүү комплексин техникалык жабдууну кошкондо) 600 миллион долларга бааланат", -деп айтылат маалыматта.

Мындан эки ай мурда депутат Дастанбек Жумабеков Жерүйдөгү иштер тууралуу тийиштүү мекеменин маалыматын угуу демилгесин көтөргөн. Ал кен иштетиле баштаганына бир жыл болгонун, андан бери канча алтын чыкты, жергиликтүү тургундарды жумушка орноштуруу, экология маселеси кандай чечилип жатканы тууралуу маалымат ачык жарыяланышы керек экенин айткан.

Кыргызстанда көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийинки орунда турган, мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин учурунда лицензиясы колдон колго өткөн Жерүй кенин иштетүү укугу учурда орусиялык "Альянс-Алтын" компаниясына берилген. Кенди иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып, бир канча жолу нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Алар Кыргызстан бул ишканада үлүшү жок калганын жана экологияга зыяны канчалык экени тууралуу так маалымат берилбей жатканын жүйө келтиришкен.

1969-жылы чалгындалган Жерүйдө 84 тонна алтын, 25 тоннадан ашуун күмүш запасы бар экени айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG