Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Бишкектин мурдагы вице-мэри Узаковдун абактагы мөөнөтү узартылды


Азат Узаков. Бишкек мэриясынын архивдик сүрөтү.
Азат Узаков. Бишкек мэриясынын архивдик сүрөтү.

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азат Узаковдун абактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Соттун чечими менен ал 18-августка чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында болот. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Узаков социалдык объектилерди курууда акча каражатын уурдоого шектелип 19-февралда кармалган.

Атайын кызматтын буга чейин тараткан маалыматына ылайык, Азат Узаков өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп турганда жеке компаниянын кызыкчылыгын көздөө максатында коррупциялык схема уюштурган.

Анда Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Т.Каракеев атындагы орто мектептин курулушун каржылоодо Узаков мамлекеттик курулуш комитетинин жана Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, "Г.П.С." ишканасынын кызыкчылыгын бир нече жолу колдогону, натыйжада объектини жасалма ишке киргизүү менен бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилгени айтылат.

Узаковдун жакындары, адвокаттары комментарий бере элек. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG