Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Азия чемпионаты: Билол Шарип уулу уландар арасында финалда күрөшөт


Күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты. 21-июнь, 2022-ж. "Бишкек-Арена" музмайданы.
Күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты. 21-июнь, 2022-ж. "Бишкек-Арена" музмайданы.

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык Билол Шарип уулу финалда күрөшөт.

Бүгүн, 22-июнда 17 жашка чейинкилер арасында эркин күрөштөн 60 килограмм салмакта финалда Шарип уулу өзбекстандык Жавохир Чулибоев менен беттешет. Ал финалга чейин казакстандык Акарыс Калиевди 10:0, жарым финалда жапониялык Минато Койваны 11:0 эсебинде утту.

Финалдык таймаштар Бишкек убактысы боюнча бүгүн саат 18:00дө башталат. Шарип уулунан сырткары бул күнү кыргызстандык үч балбан коло байге үчүн күч сынашат. 51 килограмм салмакта Азим Абдыкалыков өзбекстандык Аббоcбек Калилов менен, 55 килограмм салмакта Аскат Токтоматов монголиялык Одсурен Батхуу, 92 килограмм салмакта Айтенир Максатов түштүк кореялык Хайун Чой менен 3-орун үчүн тамашат.

Буга чейин уландар арасында грек-рим күрөшү жана кыздардын эркин күрөшү боюнча таймаштар (U-17) жыйынтыкталган.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курамасы (U-17) төрт алтын, бир күмүш, эки коло байге алып, командалык эсепте 1-орунду ээледи. Кыздардын эркин күрөш курама командасы бир алтын, үч коло байге алып сегиз өлкөнүн арасынан 4-катарга жайгашты.

17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-июнда башталган. Таймаштар "Бишкек-Арена" музмайданында өтүп жатат. Бүгүн 17 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталат. Эртең, 23-июнда 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG