Кыргызстандык беш балбан Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын финалында күрөшөт.
Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, бүгүн грек-рим күрөшүнөн жети салмакта байгелер ойнотулуп, балбандар айлампа тартибинде күрөшүп жатат. Түшкө чейинки таймаштардын жыйынтыгында кыргызстандыктар: Нурмухуммет Абдуллаев (60 кг), Аманат Самат уулу (67 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Акылбек Талантбеков (77 кг) жана Бексултан Назарбаев (82 кг) финалда күрөшмөй болду.
Бексултан Назарбаев финалда түркмөнстандык Тойлы Оразов менен беттешет. Калган кыргызстандык балбандардын финалдагы атаандаштарынын бардыгы өзбекстандыктар. Финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.
Ал эми кыргызстандык Эрлан Манатбеков (130 кг) менен Данияр Шеримбековдун (97 кг) коло байге алууга мүмкүнчүлүгү бар.
Күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты 26-июнга чейин уланат. Эртең кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар башталат.
Эки курактагы балбандардын чемпионатына 21 мамлекеттен 600гө жакын спортчу катышууда. 19-июндан 22-июнга чейин 17 жашка чейинкилер арасында таймаштар өтүп, кыргызстандык балбандар алты алтын, бир күмүш жана алты коло байгеге ээ болду.
Таймаштар “Бишкек-Арена” музмайданында өтүп жатат.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курамасы (U-17) төрт алтын, бир күмүш, эки коло байге алып, командалык эсепте 1-орунду ээледи. Кыздардын эркин күрөш курама командасы бир алтын, үч коло байге алып сегиз өлкөнүн арасынан 4-катарга жайгашты. Күрөштүн бул түрүнөн Индия курамасы 8 алтын, бир күмүш, бир коло алып, күрөш күйөрмандарын таң калтырды. Ал эми Кыргызстандын эркин күрөш балбандарынын эсебинде бир алтын, бир коло байге бар. (ECh)
Жаш балбандардын жылдызы жанган чемпионат
1/14"Бишкек-Арена" муз майданында күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинки курактагы балбандар арасында Азия чемпионаты өтүүдө. Ага 21 өлкөнүн жаш балбандары катышууда. Үч күндөгү таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын 17 жашка чейинки балбандары беш алтын, бир күмүш жана беш коло байге алышты. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курама командасы (U-17) төрт алтын, бир күмүш жана эки коло байге алып, командалык эсепте 11 өлкөнүн ичинен 1-орунду ээледи. Кыздардын эркин күрөшүнөн Кыргызстандын кыздар командасы (U-17) бир алтын жана үч коло байге алып, сегиз өлкөнүн арасынан 4-катарга чыкты.Эркин күрөш боюнча таймаштар эртең уланат.
Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. 17 жашка чейинкилер арасында үч күндөгү таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары беш алтын, бир күмүш жана беш коло байге алышты. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курама командасы (U-17) командалык эсепте 1-орунду алса, кыздардын эркин күрөшү боюнча улуттук команда (U-17) 4-орунду ээледи. 22-июнда эркин күрөштөн таймаштар уланат. 23 жашка чейинки балбандардын таймашы 23-июнда башталат.
2/14Грек-рим күрөшү боюнча 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону Асан Жанышов. Ал финалда (80 кг ) ирандык Сейед Реза Хамид Азаршабды 6:5 эсебинде утту. Жанышов финалга чейин түштүк кореялык Джёнхан Джин (9:0) жана индиялык Мохит Хохарды (10:7) жеңип алган.
Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. 17 жашка чейинкилер арасында үч күндөгү таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары беш алтын, бир күмүш жана беш коло байге алышты. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курама командасы (U-17) командалык эсепте 1-орунду алса, кыздардын эркин күрөшү боюнча улуттук команда (U-17) 4-орунду ээледи. 22-июнда эркин күрөштөн таймаштар уланат. 23 жашка чейинки балбандардын таймашы 23-июнда башталат.
3/14Грек-рим күрөшү боюнча 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону Кутман Темирбеков. Темирбеков финалда (20-июнда) тажикстандык Сунат Абдуллоевди жеңди 7:1). Ал финалга чейин индиялык Нишант Нишантты (8:0), чейрек финалда казакстандык Сергазы Абдыкадырды (6:3), жарым финалда өзбекстандык Акобир Унгоровду (7:5) жеңген.
Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. 17 жашка чейинкилер арасында үч күндөгү таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары беш алтын, бир күмүш жана беш коло байге алышты. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курама командасы (U-17) командалык эсепте 1-орунду алса, кыздардын эркин күрөшү боюнча улуттук команда (U-17) 4-орунду ээледи. 22-июнда эркин күрөштөн таймаштар уланат. 23 жашка чейинки балбандардын таймашы 23-июнда башталат.
4/14Темирбеков менен Жанышовдон сырткары күрөштүн бул түрүнөн Жантөрө Мирзалиев (60 кг) жана Нурболот Сыргабай уулу (92 кг) чемпионаттын алгачкы күнүндө алтын медал тагынган. Күмүш медалды Кубаныч Аринов (51 кг), коло байгелерди Абдулходжа Абдулходжаев (55 кг) менен Жоомарт Аралов (71 кг) алды.
Грек-рим күрөшү боюнча таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын командасы 182 упай топтоп командалык эсепте 1-орунду ээледи. Кыргызстандык уландар төрт алтын бир күмүш, эки коло алуудан сырткары 4-орунду бир балбан, 5-орунду эки балбан алып, командалык эсепте сап башына чыккан. 2-орунда эки алтын, төрт күмүш, эки коло байге алган Иран (174 упай), 3-орунда эки алтын, бир күмүш жана алты коло байге менен Казакстан (170 упай) жайгашты.
Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. 17 жашка чейинкилер арасында үч күндөгү таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары беш алтын, бир күмүш жана беш коло байге алышты. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курама командасы (U-17) командалык эсепте 1-орунду алса, кыздардын эркин күрөшү боюнча улуттук команда (U-17) 4-орунду ээледи. 22-июнда эркин күрөштөн таймаштар уланат. 23 жашка чейинки балбандардын таймашы 23-июнда башталат.
5/1417 жашка чейинкилер арасында кыздардын эркин күрөшүнөн 43 килограмм салмакта күрөшкөн кыргызстандык Диана Амантурова Азия чемпионатынын коло байгесин утту.
Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. 17 жашка чейинкилер арасында үч күндөгү таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары беш алтын, бир күмүш жана беш коло байге алышты. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курама командасы (U-17) командалык эсепте 1-орунду алса, кыздардын эркин күрөшү боюнча улуттук команда (U-17) 4-орунду ээледи. 22-июнда эркин күрөштөн таймаштар уланат. 23 жашка чейинки балбандардын таймашы 23-июнда башталат.
6/14Диана Амантурова беш айлампага созулган таймашта эки атаандашын жеңип, эки атаандашына утулду. Алгач монголиялык Мунгунсолон Байсанды 4:0, экинчи айлампада казакстандык Жазира Налюбаеваны 7:6 эсебинде жеңип, кийинки айлампаларда индиялык жана өзбекстандык атаандаштарына утулуп, коло байгенин ээси болду. Диана Амантурованын байгесин кошкондо Кыргызстандын улуттук курама командасынын эсебинде бир алтын, үч коло байге чогулду.
Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. 17 жашка чейинкилер арасында үч күндөгү таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары беш алтын, бир күмүш жана беш коло байге алышты. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курама командасы (U-17) командалык эсепте 1-орунду алса, кыздардын эркин күрөшү боюнча улуттук команда (U-17) 4-орунду ээледи. 22-июнда эркин күрөштөн таймаштар уланат. 23 жашка чейинки балбандардын таймашы 23-июнда башталат.
7/14Алтын байгени 65 килограмм салмакта Гүлнура Таштанбекова алды. Ал финалда индиялык Пулкит Пулкитти жеңди. Бул салмакта кыздар айлампа тартибинде күч сынашты. Таштанбекова алгач индиялык Пулкит Пулкитти (2:2), кийин түштүк кореялык Еунсо Чону (4:0), жапониялык Сава Хигашини (3:0) жеңип финалга чыккан. Алтын байге үчүн кайрадан индиялык Пулкит Пулкит менен күрөшүп, мөөнөтүнөн мурда атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишти камсыздады (5:0).
Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. 17 жашка чейинкилер арасында үч күндөгү таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары беш алтын, бир күмүш жана беш коло байге алышты. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курама командасы (U-17) командалык эсепте 1-орунду алса, кыздардын эркин күрөшү боюнча улуттук команда (U-17) 4-орунду ээледи. 22-июнда эркин күрөштөн таймаштар уланат. 23 жашка чейинки балбандардын таймашы 23-июнда башталат.
8/14Диана Амантуровадан сырткары коло байгени 61 килограмм салмакта Жаркынай Нурлан кызы жана 57 килограмм салмакта Айтолкун Медет кызы коло байге утту. Ал эми Дилназ Абдыкадырова (46 кг), Айдай Нурдинова (53 кг) жана Кайыркүл Шаршебева (69 кг) 4-орунду ээледи. Айназ Абдыкадырова (40 кг), Күмүшай Жооданбекова (49 кг) жана Линара Молдогазиева (73 кг) 5-орунду алды. Бул көрсөткүч менен Кыргызстан жалпы командалык эсепте 136 упай топтоп 4-орунду ээледи (бир алтын (25 упай), үч коло (60 упай), үч 4-орун (36 упай), үч 5-орун (30 упай).
Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. 17 жашка чейинкилер арасында үч күндөгү таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары беш алтын, бир күмүш жана беш коло байге алышты. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курама командасы (U-17) командалык эсепте 1-орунду алса, кыздардын эркин күрөшү боюнча улуттук команда (U-17) 4-орунду ээледи. 22-июнда эркин күрөштөн таймаштар уланат. 23 жашка чейинки балбандардын таймашы 23-июнда башталат.
9/14Кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова күйөрмандардын катарында.
Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. 17 жашка чейинкилер арасында үч күндөгү таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары беш алтын, бир күмүш жана беш коло байге алышты. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курама командасы (U-17) командалык эсепте 1-орунду алса, кыздардын эркин күрөшү боюнча улуттук команда (U-17) 4-орунду ээледи. 22-июнда эркин күрөштөн таймаштар уланат. 23 жашка чейинки балбандардын таймашы 23-июнда башталат.
10/1417 жашка чейинкилер арасында 49 килограмм салмактагы балбан кыздардын таймашы. Кыргызстандык Күмүшай Жоданбекова кызгылт сары кийимчен.
Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. 17 жашка чейинкилер арасында үч күндөгү таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары беш алтын, бир күмүш жана беш коло байге алышты. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курама командасы (U-17) командалык эсепте 1-орунду алса, кыздардын эркин күрөшү боюнча улуттук команда (U-17) 4-орунду ээледи. 22-июнда эркин күрөштөн таймаштар уланат. 23 жашка чейинки балбандардын таймашы 23-июнда башталат.
11/14Кыздардын эркин күрөшү боюнча 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси Айтурган Медет кызы таймаш алдында машыктыруучулар Билимбек Капар уулу жана Розалия Тилегенова менен.
Айтолкун Медет кызы 57 килограмм салмакта алгач чейрек финалда жапониялык Саяка Отага жеңилген. Жапон кызы финалга чыккандыктан Медет кызыга 3-орун үчүн күч сынашууга жол ачылды. Бул таймашта Айтолкун түштүк кореялык Йожин Минди 6:4 эсебинде утуп, Азия чемпионатынын коло байгесин тагынды.
Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. 17 жашка чейинкилер арасында үч күндөгү таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары беш алтын, бир күмүш жана беш коло байге алышты. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курама командасы (U-17) командалык эсепте 1-орунду алса, кыздардын эркин күрөшү боюнча улуттук команда (U-17) 4-орунду ээледи. 22-июнда эркин күрөштөн таймаштар уланат. 23 жашка чейинки балбандардын таймашы 23-июнда башталат.
12/1417 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында кыздардын эркин күрөшүнөн таймаштар жыйынтыкталды. Жалпы командалык эсепте Индия курама командасы 1-орунду ээледи. Индиялык кыздар 10 салмактын ичинен сегиз алтын, бир күмүш жана бир коло медал алып, 235 упай топтоп 1-орунга чыкты. Төрт күмүш, эки коло алган Жапония 2-катарда (143 упай). Бир алтын, эки күмүш жана бир коло алган Монголия 3-орунга жайгашты (138 упай). 136 упай эсебинде бар Кыргызстан 4-орунга жайгашты.
Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. 17 жашка чейинкилер арасында үч күндөгү таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары беш алтын, бир күмүш жана беш коло байге алышты. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курама командасы (U-17) командалык эсепте 1-орунду алса, кыздардын эркин күрөшү боюнча улуттук команда (U-17) 4-орунду ээледи. 22-июнда эркин күрөштөн таймаштар уланат. 23 жашка чейинки балбандардын таймашы 23-июнда башталат.
13/1417 жашка чейинки курактагы эркин күрөш балбандарынын таймашы. 21-июнда эркин күрөштөн 65 кг, 71 кг жана 80 кг салмакта балбандар күч сынашты. Кыргызстандык балбандар азырынча күрөштүн бул түрүнөн байге ала элек. 65 килограмм салмакта Темирлан Норузбеков коло байге үчүн беттеште казакстандык Айкын Болатулыга жеңилип байгесиз калды. Күрөштүн бул түрүнөн таймаштар 22-июнда уланат.
Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. 17 жашка чейинкилер арасында үч күндөгү таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары беш алтын, бир күмүш жана беш коло байге алышты. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курама командасы (U-17) командалык эсепте 1-орунду алса, кыздардын эркин күрөшү боюнча улуттук команда (U-17) 4-орунду ээледи. 22-июнда эркин күрөштөн таймаштар уланат. 23 жашка чейинки балбандардын таймашы 23-июнда башталат.
14/1417 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюна Азия чемпионаты 26-июнда аяктайт. Чемпионат "Бишкек-Арена" музмайданында өтүп жатат. 23 жашка чейинкилер арасында эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар 23-июнда башталат.