Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Cот адилеттиги иштери боюнча кеңештин төрагасы шайланды


23-июнда Сот адилеттиги иштери кеңешинин мүчөлөрүнүн биринчи жыйынында кеңеш төрагалыгына Шералы Камчыбеков, төраганын орун басары болуп Аида Сейдакматова шайланды. Бул тууралуу Сот департаментинен кабарлашты.

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын бекитүү маселеси каралып, жашыруун добуш берүү аркылуу талапкерлер тандалган. Кеңештин курамына Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов, Чүй облусундагы адвокатуранын юристи Бакыт Кыдыралиев, Улуттук университеттин Юридика факультетинин кафедра башчысы Эрлан Базарбай уулу, Жогорку соттун судьялары Шералы Камчибеков, Нургүл Асанова, Аида Сейдакматова, Свердлов райондук соттун судьясы Азис Эшалиев, Октябрь райондук соттун судьясы Элмира Барыктабасова, Ленин райондук соттун судьясы Дамира Сагынбекова, Ош шаардык соттун судьясы Марат Акбердиев, Бишкек шаардык соттун судьясы Айвар Кубатов тандалган.

Былтыр майда күчүнө кирген Баш мыйзамга ылайык, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу маселесин Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш карайт жана анын курамы 12 адамдан турат, төрагасы менен сегиз мүчөсү судьялардан куралат. Ага чейин бул орган Соттор кеңеши деп аталып келген.

Президент Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тууралуу конститициялык мыйзамга былтыр ноябрда кол койгон. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG